> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ECO TAXI кызматында күнүнө таза 4 000 сом тапса болот
- URL: https://im.kg/biznes/2023/10/10/eco-taxi-kyzmatynda-kununo-taza-4-000-som-tapsa-bolot/
- Published: 2023-10-10T08:13:42.000Z
- Updated: 2023-10-10T08:13:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте жаңы ECO TAXI кызматында күнүнө таза 4 000 сом тапса болот. Бул тууралуу Рамил Беков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, ECO TAXI айдоочулары 11 миң долларлык унааларды пайдаланышат. Алар ай сайын ижарага 1 миң доллардан төлөсө бир жылдын ичине толугу менен сатып алышат.

> “Жаңыдан иштеп баштаган таксилер бир күндө 100дөй кишини ташууда. Ар биринен 50 сомдон алганда 5000 сом болот. Анын 600 сому унааны кубаттаганга кетет. Ал эми 400 сомун тамак-ашка коротсо, колуна таза 4000 сомдой акча калат. Күндө анын 2500-3000 сомун унааны сатып алууга берсе, унаа ар бир айдоочунун өзүндө калганы турат”, - деп белгиледи Беков.

Ошондой эле башка такси кызматында иштегендер да ECO TAXI кызматына кайрылууда. Анткени бул таксилерге сары тилке менен жүрүүгө уруксат. Башка унаалардай болуп, жол тыгынында турбайт.