ECO TAXI кызматында күнүнө таза 4 000 сом тапса болот

ECO TAXI кызматында күнүнө таза 4 000 сом тапса болот

Бишкекте жаңы ECO TAXI кызматында күнүнө таза 4 000 сом тапса болот. Бул тууралуу Рамил Беков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ECO TAXI айдоочулары 11 миң долларлык унааларды пайдаланышат. Алар ай сайын ижарага 1 миң доллардан төлөсө бир жылдын ичине толугу менен сатып алышат.

“Жаңыдан иштеп баштаган таксилер бир күндө 100дөй кишини ташууда. Ар биринен 50 сомдон алганда 5000 сом болот. Анын 600 сому унааны кубаттаганга кетет. Ал эми 400 сомун тамак-ашка коротсо, колуна таза 4000 сомдой акча калат. Күндө анын 2500-3000 сомун унааны сатып алууга берсе, унаа ар бир айдоочунун өзүндө калганы турат”, - деп белгиледи Беков.

Ошондой эле башка такси кызматында иштегендер да ECO TAXI кызматына кайрылууда. Анткени бул таксилерге сары тилке менен жүрүүгө уруксат. Башка унаалардай болуп, жол тыгынында турбайт.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу