«Акун» компаниясы Москвада макарон өндүрүүчү цехин ачат

Кыргызстандык «Акун» холдинги 2024-жылы Электрогорск шаарында жогорку сапаттагы макарон өндүрүүчү заводду жана заманбап өндүрүш-кампа комплексин ишке киргизет. Бул тууралуу Москва аймагын өнүктүрүү корпорациясы билдириди.

Москва облусунун инвестиция, өнөр жай жана илим министри Екатерина Зиновьеванын айтымында, учурда компания келечектеги ишкананын долбоорун иштеп чыгууда.

«Инвестор 2024-жылдын башында өндүрүш цехтерин жана даяр продукция кампасын камтыган комплекстин курулушун баштоону пландап жатат, ал эми ишкана 4-кварталда ишке кирет. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү 500 млн рублдан ашык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу округдун тургундары үчүн кеминде 80 жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.

Москва районундагы өндүрүштүк комплексте эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган бир чоң цех болот. Анда жумуртка кесмесин, спагетти жана букатини чыгаруучу линиялар орнотулат. Завод өндүрүштүн бардык этаптарын башкарууга мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылат. Чийки зат жана даяр продукция өзүбүздүн лабораториябызда текшерилет.