«Элит Хаустун» негиздөөчүсү Тимур Файзиев кайрадан кармалды

УКМК тарабынан «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына шилтеме менен билдирди.

ЖМКлар билдиргендей, 10-октябрда Файзиев УКМКга кайрадан суракка чакырылган. Сурактан кийин тергөөчүнүн чечими менен ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошол эле учурда журналисттер айрым маалыматтар боюнча Файзиев УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын белгилешүүдө.