Бишкек менен Чүйдүн тез татым коомдук тамактануучу жайларына 108 миң айып пул салынды

Бишкектеги тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, кызматтын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги менен 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинен:

·         Бишкек шаарынан 60 субъект;

·         Чүй облусунан 23 субъект.

Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 миң сом айып пул салынды.

Мындан сырткары республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.