КМШнын саммити учурунда Ош базары иштебейт

Бишкектеги «Ош базары» 2023-жылдын 12-13-октябрында иштебейт. Буга КМШнын саммитин өткөрүү жана жогорку даражалуу коноктордун борборго келиши себеп болду.

Маалым болгондой, базарды жабуу боюнча жетекчиликке Бишкектин мэриясынан «суранышкан». Ош базарында сооданын ордуна санитардык күн өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, 12-13-октябрда борбор калаада N6, N11, N14 троллейбустар да каттабайт.