> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамөнүктүрүү банкы MEGAнын акцияларын 14.8 млрд сомго сатып алды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/10/12/mamonukturuu-banky-meganyn-aktsiialaryn-14-8-mlrd-somgho-satyp-aldy/
- Published: 2023-10-12T05:40:23.000Z
- Updated: 2023-10-12T05:40:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альфа Телеком» (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14.8 млрд сомго сатып алды.**

Эске салсак, кечээ «Альфа Телеком» ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК катышкан.

Мамлекеттик үлүштүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.