Мамөнүктүрүү банкы MEGAнын акцияларын 14.8 млрд сомго сатып алды

«Альфа Телеком» (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14.8 млрд сомго сатып алды.

Эске салсак, кечээ «Альфа Телеком» ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү.

Электрондук сатууга «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК катышкан.

Мамлекеттик үлүштүн баштапкы баасы 14 млрд 600 млн сомду түзгөн, электрондук аукциондун кадамы 200 млн сом өлчөмүндө белгиленди.