Миң-Булакта инвесторлор үчүн «өнөр жай аймагы» ачылды

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында республикада биринчилерден болуп «Өнөр жай аймагы» инвесторлор үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 10-октябрда Нарын районунда өткөрүлгөн Инвест-форумдун алкагында Эмгекчил айылынын Кош-Дөбө участогундагы 20 гектарды түзгөн «Өнөр жай аймагынын» (пром. зона) ачылышы болду. Бул жер аянты Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл чарба багытынан өнөр жай категориясына которулган.

Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун боюнда жайгашкан. Трансформатор коюлган, коммуникациясы даяр. Жер астынан чыккан артезиан суусу бар. Жакында  түтүктөр менен тартылып келинет. Завод, фабрикаларды курабыз деген инвесторлорго абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.