TechWomen 2023 долбоору АКШнын компанияларындагы стажировкага кыргызстандык беш айымды тандады

Кыргызстандык беш айым АКШнын алдыңкы компанияларында стажировка өтүүгө тандалган. Бул мүмкүнчүлүк STEM тармагындагы - илим, технологиялар, инженерия жана математикадагы лидер айымдарды колдоого алган АКШнын абройлуу долбоору аркылуу ишке ашты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. 

Төмөндө алар стажировка өтөп жаткан жерлер:

·         Айсулуу Кожомкулова – Microsoft;

·         Айсулуу Жамангулова – Synopsys;

·         Айгерим Курманбекова – LinkedIn;

·         Жамиля Байбориева – Atkins Realis;

·         Даяна Алымбаева (dani_alimbai) – Thermo Fisher Scientific.

Учурда алар устат-шакирт долбоорун өтүп, кесиптик билимин жогорулатууда жана тайпалык долбоор менен алектенүүдө. Алар тренерлери менен бирге иштеп, тандап алган көйгөйдү чечүүгө аракеттенүүдө.