«Эмарк Строй» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды

Бишкекте «Эмарк Строй» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди.

Бишкек шаардык соту бул маалыматты тастыктаган. Такталгандай, Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен кечээ, 12-октябрында УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү боюнча арыз түшкөн.

«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» беренеси боюнча айыпталган Акматовго карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган», - деп билдирди соттун маалымат кызматы.