Улуттук банк Таластагы «Байзаман» микрокредиттик компаниясын жойду

Улуттук банкы «БАЙЗАМАН» микрокредиттик компаниясынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 488 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн жокко чыгарылды.

Бул чечим компаниянын уюштуруучуларынын 2023-жылдын 2-октябрында ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу.

Микрокредиттик компаниянын юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Манас көчөсү 122/2.