Асыл тукум статус алган 141 чарбанын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт

Асыл тукум статус алган 141 чарбанын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, мониторинг жакынкы күндөрдө министрлер кабинетинин “КРнын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Айыл чарба министрлиги асыл тукум чарба статусун алууну каалаган фермерлерге райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына арыз менен кайрылып, керектүү документтерди даярдап, асыл тукум чарба статус алуу мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.