Монголиялык Bodio’s кашемир фабрикасы кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга даяр

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Bodio’s кашемир фабрикасынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө фабриканын жетекчиси анын өндүрүшүнүн топоз жана эчкинин мамысын кайра иштетүү, даяр кийимдерди чыгаруу жана аларды ийгиликтүү экспорттоо боюнча 30 жылдык тажрыйбасын белгиледи. Анын айтымында, фабриканын продукциясынын 60% Москва жана Новосибирск шаарларына экспорттолуп, ал жакта абдан популярдуу болот.

Өз кезегинде элчи жеңил өнөр жай жана текстиль тармагына адистешкен кыргызстандык ишкерлер Монголиядан кашемир азыктарын алып келүүгө, аны кайра иштетүүгө жана андан кийим чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.

Элчи өлкөдөгү экономикалык абал жана анын жагымдуу инвестициялык климаты менен таанышуу үчүн фабриканын жетекчилигин үстүбүздөгү жылдын 27-29-октябрында Бишкекте өтө турган “Кыргызстан - Экспо 2023” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүнө катышууга чакырды.