«Кепилдик фонд» 47 кыргызстандыкка ипотекалык турак жайды алууга жардам берди

Сентябрдын ичинде 47 кыргызстандык “Кепилдик фонд” ААКнын колдоосу менен мамлекеттик турак-жай программасынын биринин алкагында турак жай сатып алышкан. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында “Кепилдик фонду” ААК 10.1 млн сомдон ашык суммага кепилдиктерди берип, бул дээрлик 100 млн сомдук ипотекалык кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берди.

Ипотекалык кепилдиктер Баткен облусун кошпогондо, республиканын бардык аймактарынын тургундарына берилген. Сентябрь айында берилген кепилдиктердин дээрлик жарымын Чүй облусунун тургундары пайдаланышкан – 23 кепилдик, андан кийин Жалал-Абад облусунун жашоочулары 8 кепилдик менен, 7 кепилдик Ысык-Көл облусунун тургундарына турак жай сатып алууга мүмкүндүк берген, Нарын жана Талас облустарынын өкүлдөрү 6 жана 2 кепилдик алышты жана Ош облусунда 1 кепилдик берилген.

Бүгүнкү күндө турак-жай программасы ишке ашырыла баштагандан бери 86 жаран «Кепилдик фонд» ААКнын колдоосун пайдаланып, өз кыймылсыз мүлкүнүн ээси болушту.

Кепилдиктердин жалпы суммасы 22,8 млн сомдон ашык, ипотекалык кредиттердин көлөмү 183 млн сомдон ашты.