Түркиялык ишкерлер биргелешкен ишканаларды ачууга даяр

2023-жылдын 14–17-октябрында КРнын Антальядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Түркиядан келген ишкерлер жана инвесторлор тобу Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы энергетика, айыл чарба, соода жана инвестиция тармагындагы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү перспективалары боюнча пикир жана көз караш менен алмашышты.

Бул контекстте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери түрк ишкерлерин өлкөнүн экономикасын диверсификациялоого, жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын Башкы консулдугунун, тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жардамы менен бизнес-делегация бир катар ийгиликтүү өндүрүш ишканалары жана объектилери менен таанышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында бизнесмендер сунушталган бардык багыттар боюнча тыгыз, өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдарлыгын билдиришти.