Базар-Коргондо шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Базар-Коргондо шаардык мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 17-октябрь күнү 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан жана нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторинг учурунда Базар-Коргон шаарынын аймагында жайгашкан наабайканаларда жана нан (бөлкө) бышыруучу цехтерде нандын баасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Такталгандай, Базар-Коргон шаарынын аймагындагы наабайканаларда 310гр. тандыр наны дүң баада 24 сомдон, чекене баада 27 сомдон, ал эми  400 гр бөлкө наны дүң баада 22 сомдон, соода түйүндөрүндө жана борбордук базарда чекене баасы 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды, же жөнгө салуу киргизилгенге чейинки баага салыштырмалуу 3-4 сомго чейин арзандаганы байкалды.

Нандын баасынан сырткары, мониторинг учурунда Базар-Коргон шаарындагы ун, көмүр, эт жана социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.