Италиялык Breton S.p.A. Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарууга кызыкдар

Министрлер кабинетинде италиялык Breton S.p.A. компаниясы менен курулуш материалдарын чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Компания КРда алдыңкы технологияларды жана жабдууларды колдонуу менен курулуш материалдарын чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүүнү көздөөдө. Тактап айтканда, ишкана цемент плиталарын, кварц негизиндеги плиталарды жана башкаларды чыгарат.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинети инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, өлкөдө өндүрүш үчүн чийки зат базасы боло турган кендер бар экенин кошумчалады.