Ошто «Ак Каржы» микрокредиттик компаниясы жоюлду

Ошто «Ак Каржы» микрокредиттик компаниясы жоюлду. Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, катышуучунун 2023-жылдын 9-октябрында ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу. Ошондуктан Улуттук банк «Ак Каржы» микрокредиттик компаниясы ЖчКнын 2014-жылдын 28-февралындагы № 482 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн 2023-жылдын 13-октябрынан тартып жокко чыгарды.

Компания буга чейин А. Масалиев пр., 32-үй дарегинде жайгашкан.