Кыргызстандык жана ирандык ишкерлер В2В форматында жолугушту

Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 13-отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Форумдун алкагында борбор калаага Ирандык 16 компаниянын өкүлдөрү келишти. Алар үчүн кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аянтчасында В2В форматында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндөгү ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо болду. Катышуучулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен ишканаларды түзүү жана продукцияларды экспорттоону илгерилетүү стратегиясын талкуулашты.

В2В форматындагы жолугушуулар аяктагандан кийин Иран делегациясы инвестициялоо үчүн потенциалдуу объектилерди карап чыгууга жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоого жөнөп кетти.