Өзбекстандын Violette кондитердик фабрикасы кыргызстандык "Куликовскийди" туурап жатат

Өзбекстандын Violette кондитердик фабрикасы белгилүү кыргызстандык "Куликовскийдин" дизайнына абдан окшош дизайн менен өзүн жарнамалоодо. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүшкө назарын бурушту.

X (Twitter) соцтармагынын колдонуучуларынын биринин пикиринде, өзбек кондитердик фабрикасы "Куликовскийдин" дизайнын көчүрүп жатканын жазган.

"Куликовскийдин" даана көчүрмөсү, атүгүл ошол эле "Корзинка", "Ташкент" деген товарлар бар", - дейт ал.

Социалдык тармактардагы публикацияларга караганда, Violette кондитер фабрикасы 2019-жылдын жайында ачылган. Бул учурда "Куликовский" буга чейин эле окшош дизайн, логотиби менен азыктарынын түрлөрүн жигердүү жарнамалап, кийинчерээк 2022-жылы расмий түрдө Өзбекстандын рыногуна кирген. Эскерте кетсек, "Куликовский" 1991-жылы эле негизделген.

Биз жарандар айткан нерселер туурабы, алардын дизайны чындап эле окшошбу деген тыянак чыгаруу үчүн эки компаниянын социалдык түйүндөрүндөгү сүрөттөрүн салыштырып көрдүк.