«Кыргызалтындын» жетекчилиги «Эти Бакыр Терексайдын» ишмердигин текшерди

«Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК тоо кен ишканасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги компаниянын ишинин жүрүшү жана компаниянын келечектеги жасалчу иштери менен кеңири таанышты.

Мындан сырткары, тараптар ишкананын учурдагы милдеттерин жана көйгөйлөрүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын 25% үлүшү «Кыргызалтын» ААКна таандык.

Ошону менен бирге «Кыргызалтын» ААК Башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов «Фул Голд Майнинг Компани» ЖЧКнын учурдагы иштери жана келечектеги өнүгүү пландары менен таанышты.