Чүйдө көп функционалдуу логистикалык борбор курулат

Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин имаратында министрлер кабинети менен “Алканов Групп” ЖЧКсынын ортосунда “Чүй облусунда көп функционалдуу логистикалык борборду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу иш-чарасы болуп өттү.

Долбоордун баасы 20 млн АКШ долларын түзөт. Ал өлкө аймагында көп функционалдуу соода-логистикалык борборду түзүүгө, жууп, таңгактап, калибрлөөчү линиясы бар айыл чарба продукциясын сактоочу кампаларды, жалпы аянты 10080 м2 аянтты ээлеген лаборатория жана 20 160 м2 келген кургак кампа менен камсыз кылууга багытталган.

Бул долбоор жергиликтүү жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган инновациялык IT продуктуну киргизүү мүмкүнчүлүгүн карайт, ал белгилүү бир максаттар үчүн маалымат берүү аркылуу өндүрүүчүнүн ишенимдүүлүгүнүн далили катары кызмат кылмакчы.