Сүт тармагына насыя берүү уланууда – Финансы министрлиги

Финансы-кредиттик фонду өлкөнүн сүт тармагына насыя берүүнү улантууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, насыя КР министрлер кабинентинин тескемесине ылайык төмөнкү шарттарда берилет:

• максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;

• кредиттин суммасы – жарандарга 500 миң сомдон ашык эмес;

• фермердик чарбаларга – 1 млн миң сомдон ашык эмес;

• кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;

• кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;

• кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6%;

• финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12%;

• күрөөлүк камсыздоо;

• кепилдик берүү менен 150 миң сомго чейин кредит берүү каралат.

2023-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 380 субъектке 150 млн 650 миң сомго кредиттер берилген

Алардын ичинен:

• 150 миң сомго чейин кепилдик менен - 93 субъект;

• 500 миң сомго чейин күрөө менен – 281 субъект;

• 500 миң сомдон жогору - 6 субъект.