Кыргызстанга Европадан жана Америкадан туристтик поезддер келди

2023-жылдын 27-октябрында Бишкекке Европа жана Америкадан келген туристтерди «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 72 жакын туристтер келишти. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH туристтик компаниясы уюштурган.

«Кыргыз темир жолу» туристтердин каалоосун эске алуу менен № 926/925 турпоездге ишкананын «Люкс» жана «Вип» вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берүүдө. Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы жана тарыхый-маданий мурастары менен таанышып 28-октябрда Балыкчыдан Бишкек шаарына кайтышат. Мындан тышкары туристер Бишкек шаарын кыдырып, 29-октябрда кызыктуу сапарын улантышат.