Кыргызстан Antalya Turizm Fuarı 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты

2023-жылдын 26-27-октябрында Антальяда жыл сайын өтүүчү Antalya Turizm Fuarı 2023 эл аралык туристтик көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Көргөзмөгө 35тен ашык мамлекеттен өкүлдөр катышты. КРнын атынан Туризмди өнүктүрүү колдоо фондунун жана Туроператорлор ассоциациясынын делегациясы катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын делегациясы КРнын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте туризм тармагында жаңы байланыштарды түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында бир катар иштиктүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Башкы консулдуктун жардамы менен TÜRSAB Туризм Ассоциациясынын Жер Ортолук деңиз аймактык Өкүлчүлүгүнүн Вице-президенти Мехмет Сезгин Озер мырза жана Анталия облусунун Маданият жана туризм департаментинин башчысынын орун басары Серап Дерьяли айым менен жолугушуу өткөрүлдү.

Тараптар жаңы туристтик продуктыларды түзүү, мейманкана индустриясын өнүктүрүү жана өз ара туристтик агымдарды көбөйтүүгө жана инвестиция тартууга багытталган тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.