Бишкектин Свердлов районунда айыл чарба жарманкелери өтүүдө

Бишкектин Свердлов акимиаты жарандарды жарманкелерге барып, кышка кам көрүүгө чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Чүй облусунун бардык райондорунун өндүрүүчүлөрү ортомчуларсыз, өз продукцияларын алгылыктуу баада сатышат. Жарманкеге келген конокторду жашылча-жемиштердин, балдын, сүт жана эт азыктарынын күзгү түрлөрү күтөт.

Айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын сатуу боюнча жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Т.Айтматов жана Токтогулов көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Келип чыккан бардык суроолор боюнча 0702 082 379 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.