Бир айда 153 тез татым тамактануучу жайлар текшерилди

2023-жылдын 4 октябрынан баштап Ветеринардык кызматы 801 тез татым тамактануучу жайларды текшерди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, мекеме Экономика жана коммерция министрлиги менен пландан тышкары текшерүүлөр боюнча 170 субъект макулдашылып, анын ичинен 153 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү:

• Бишкектен 64 субъектинин ичинен 47 субъектиге текшерүү жүргүзүлүп, 17 субъект жабылды;

• Чүй облусунан 46 субъектинин ичинен 46 субъектиге тешерүү жүргүзүлдү;

• Оштон 40 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү

• Ош облусунун 6 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү;

• Баткен облусунан 4 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү;

• Нарын облусунан 10 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү.

Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн бардыгы 237 миң сом өлчөмүндө айып (штраф) салынды.

Республика боюнча 1184 тез татым жана коомдук тамактануучу жайлар бар 801 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана алардын эт азыктарынан үлгүлөр алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.

Республика боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тез-татым тамактанучу жайлар жабылган жок.