Акылбек Жапаров Гамбургда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

2023-жылдын 8-ноябрында Германиянын Гамбург шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөрүлөт. Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот.

Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди даярдоо, IT тармагындагы кызматташуу сыяктуу темаларда панелдик талкуулар өтөт. Бизнес-форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары, өнөр жай, логистика, соода сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланат.

Мындан тышкары германиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктуу бизнес долбоорлору сунушталат. Ошондой эле кыргызстандык товарлардын көргөзмөсү тартууланат.