Кыргыз-герман бизнес-форумунда 13 документке кол коюлду

«Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Алар төмөндөгүлөр:

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Германиянын орто бизнес федералдык союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Sitex Group ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Staff-eye Group ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен Intertek GmbH ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

• «Дауд АС» жана Saatenberg GmbH ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

• K.S. Solutions жана Kocks Consult GmbH, Stegemannstraße ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум;

• BT Innovation жана Jebsen & Jessen Industrial Solutions Gmb ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

• IWEX жана W.Hass Future GmbH компаниялары ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

• Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясы менен W.Hass Future GmbH ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;

• Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Mark Maschinen & Anlagen GmbH ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

• «Кыргыз Винд систем» ачык акционердик коому менен W.Hass Future ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу;

• «Солто Скай Вэй Парк» жана Josef Wiegand & Co ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

• «Солто Скай Вэй Парк» жана KristallTurm ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.