Өкмөт германиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Гамбургда болгон жумушчу сапарынын алкагында «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

«Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун ырааттуу динамикасын канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууну жүзөгө ашырууга болгон олуттуу мамилебизди ырастап, мен жеке өзүм Германиянын иштиктүү борбору катары таанылган Гамбургга келип, «Германиядагы Кыргызстандын экономикасынын күнүнө» арналган иш-чаралардын алкагында сиздер менен жолугушууну чечтим.

Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын туруктуу механизмдерин түзүү үчүн биз мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууга ниеттенип жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Ал бизнес-форумга кыргыз жана герман бизнес-делегация өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу эки тараптын кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого карай болгон каалоосун жана кызыгуусун дагы бир жолу далилдеп жатканын кошумчалады.