Өкмөт өлкөнүн фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасынын орун басары мамлекеттик колдоонун негизги максаты Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик сапаттуу дары-дармектердин өндүрүшүн коргоо үчүн зарыл болгон өз мөөнөтүндөгү жана натыйжалуу чараларды көрүү экендигин белгиледи.

Ал Ассоциацияны Кыргызстанда фармацевтикалык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелүү сунуштарды Министрлер Кабинетине жана тиешелүү ведомстволорго да активдүү киргизүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ассоциация өкүлдөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ GMP) тийиштүү өндүрүштүк практикасынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоону 2030-жылга чейин жылдырууга байланышкан көйгөйлөрдү жана суроолорду айтышты.

Ассоциация Министрлер Кабинетинен өндүрүлгөн продукцияны кепилденген сатуунун пландуу өндүрүш механизмдерин ишке ашырууда, ЕАЭБ GMP ишке ашыруу үчүн субсидияларды бөлүүдө колдоо көрсөтүүнү суранды, ошондой эле өндүрүлгөн дары-дармектердин айрым түрлөрүн импорттоодо КНС киргизүү сунушун киргизди.