Баткендин ишкерлери 145.1 млн сомго жеңилдетилген насыя алышты

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, ишкерлерге 145.1 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350 млн сом суммасын түзүүдө.

Насыялар Баткендин 162 ишкерине берилген.