JIA ассоциациясы Италияда “Ecomondo 2023” көргөзмөсүнө катышты

JIA Бизнес ассоциациясынын Жашыл экономика комитетинин ишкерлери Италияда “Ecomondo 2023” – экологиялык технологиялардын 26-эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу ассоциациянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Ар бир ишкер жаңы тенденциялар, инновациялар жана жашыл технологиялар боюнча ондон ашык жолугушууларды өткөрдү.

Ecomondo - Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрүндө эң ири “жашыл” иш-чара болуп саналат. Негизги тематикалык багыттары: күн энергиясы, климат, шамал энергиясы, ресурстарды сактоо, туруктуу өнүгүү, таштандыларды кайра иштетүү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, геотермалдык энергетика.

Ошондой эле JIA 2024-жылдын март айында Кытайда өтө турчу “Ecomondo 2024” иш-чарасына чакыруу алды.