Таласта нанды 3.5 сомго кымбат саткан соода борборуна айып пул салынды

Таласта "Эконом" соода борборуна айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Такталгандай, мониторингдин жыйынтыгында И. Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “Эконом” маркетинде 1-сорттогу буудай унунан жасалган 330 гр салмактагы бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

“Тактап айтканда, дүкөндө бөлкө нан 3 сом 50 тыйынга кымбат сатылып жаткан. Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Эконом” маркетинин ээсине “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесине ылайык үч миң сом өлчөмүндө айып пул салынды”, - деп белгиледи мекеме.

Кызмат билдиргендей, 330 грамм салмактагы бөлкө нан 21.5 сомдон сатылышы керек.