> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# HoReCa Awards - 2023: Кыргызстандагы меймандостук дүйнөсүнүн мыктыларына добуш бериңиз
- URL: https://im.kg/biznes/2023/11/15/horeca-awards-2023-kyrghyzstandaghy-mieimandostuk-duinosunun-myktylaryna-dobush-bieriniz/
- Published: 2023-11-15T14:51:20.000Z
- Updated: 2023-11-15T14:53:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/IMG_4612-2.JPG)

**Кыргызстандын мейманкана жана ресторандык бизнес чөйрөсү HoReCa Awards – 2023 сынагына даярданууда. Меймандостук чөйрөсүндө салтка айланган бул иш-чара өлкөбүздүн эң мыкты HoReCa мекемелеринин жана камсыздоочу компанияларынын башын бириктирет.** 

Учурда сынактын уюштуруучулары ресторан, кафе жана мейманканалардан, ошондой эле гастрономия тармагын өнүктүрүүгө салымын кошкон ишканалардан сынакка катышуу арыздарын кабыл алууну улантууда. Сынакка катышууну каалагандар арыздарын 2023-жылдын 18-ноябрына чейин тапшыра алат.

> Өлкөбүздүн меймандостук дүйнөсүндөгү эң мыкты мекемеси наамына талапкерлерге добуш берүү 20-ноябрдан 20-декабрга чейин жүзөгө ашырылат. Жагымдуу тамактардын жана мыкты мейманканалардын сүйүүчүлөрү жактырган мекемелерине колдоо көрсөтүү үчүн SMS билдирүүлөр аркылуу добуш бере алат.

Добуш берүүнүн ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жыйынтыгы эки көз карандысыз IT компаниясы тарабынан иштелип чыгат. Бул жеңүүчүлөрдү аныктоодо объективдүүлүктү жана чынчылдыкты кепилдейт.

Сыйлыктарды тапшыруунун салтанаттуу аземи 2024-жылдын 12-январында болмокчу. Мыктылардын мыктысы HoReCa Awards - 2023 жылдызы менен сыйланып, HoReCa секторундагы эң мыкты мекеме деп таанылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/IMG_4610-1.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/IMG_4611.JPG)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/11/IMG_4612.JPG)