HoReCa Awards - 2023: Кыргызстандагы меймандостук дүйнөсүнүн мыктыларына добуш бериңиз

Кыргызстандын мейманкана жана ресторандык бизнес чөйрөсү HoReCa Awards – 2023 сынагына даярданууда. Меймандостук чөйрөсүндө салтка айланган бул иш-чара өлкөбүздүн эң мыкты HoReCa мекемелеринин жана камсыздоочу компанияларынын башын бириктирет.

Учурда сынактын уюштуруучулары ресторан, кафе жана мейманканалардан, ошондой эле гастрономия тармагын өнүктүрүүгө салымын кошкон ишканалардан сынакка катышуу арыздарын кабыл алууну улантууда. Сынакка катышууну каалагандар арыздарын 2023-жылдын 18-ноябрына чейин тапшыра алат.

Өлкөбүздүн меймандостук дүйнөсүндөгү эң мыкты мекемеси наамына талапкерлерге добуш берүү 20-ноябрдан 20-декабрга чейин жүзөгө ашырылат. Жагымдуу тамактардын жана мыкты мейманканалардын сүйүүчүлөрү жактырган мекемелерине колдоо көрсөтүү үчүн SMS билдирүүлөр аркылуу добуш бере алат.

Добуш берүүнүн ачык-айкындуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Жыйынтыгы эки көз карандысыз IT компаниясы тарабынан иштелип чыгат. Бул жеңүүчүлөрдү аныктоодо объективдүүлүктү жана чынчылдыкты кепилдейт.

Сыйлыктарды тапшыруунун салтанаттуу аземи 2024-жылдын 12-январында болмокчу. Мыктылардын мыктысы HoReCa Awards - 2023 жылдызы менен сыйланып, HoReCa секторундагы эң мыкты мекеме деп таанылат.