Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү.

Баткенде «Алтын күз» эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

«Алтын күз» жарманкесин Баткен шаары менен Баткен району, Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондору биргеликте, дыйкан фермерлерди, ишкерлерди колдоо жана алардын кызматташуусуна шарт түзүү  максатында уюштурушкан.

Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү табигый таза азык түлүктөрүн алып келишкен. 

Жарманкеде катышкан КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Мадяров, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Өзбек Республикасынын Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор, өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрүп чыгып, ар биринин ишмердүүлүгү боюнча баарлашышты.