> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Америкалык соода палатасы жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/11/17/amierikalyk-sooda-palatasy-zhyldyn-alghachky-zhyiyntyghyn-chyghardy/
- Published: 2023-11-17T11:00:50.000Z
- Updated: 2023-11-17T11:00:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жыл аягында Америкалык соода палатасы (AmCham) жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Ишмердиги тууралуу палатанын өкүлдөрү ЖМКлар менен жолугушууда айтып беришти.**

2023-жылдын ичинде AmCham маанилүү жетишкендиктеринин арасында төмөнкүлөрдү белгилеп кетти:

**“Ишкер аялдар академиясы” (AWE) программасы:**

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен 2023-жылдын 15-сентябрында башталган. Алты айлык программага катышуу үчүн 20 ишкер аял тандалып алынган. AmCham мүчөлөрү жана өнөктөштөрүнүн насаатчылыгы менен жардам беришти.

**«Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо» долбоору:**

Долбоор тегерек столдорду, жумушчу жолугушууларды, мастер-класстарды жана тренингдерди камтыган иш-чаралар аркылуу ишке ашты.

Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан ишке ашырылып жаткан Борбордук Азиядагы бизнес-чөйрөнү жакшыртуу программасы (IBECA):

Бизнес-чөйрөнү реформалоону жактоо боюнча жеке сектордун демилгелерин колдоого багытталган үч жылдык программа. Долбоор жеке сектордун финансыга жана инвестицияларга жетүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө багытталган

**Европадагы AmChamsта көзөмөлдөөчү мүчө статусун алуу:**

Америкалык соода палатасы Европадагы AmChams конференцияларына жана иш-чараларына активдүү катышуу мүмкүнчүлүк алды.

Ошондой эле AmCham кыргызстандык ишкерлер үчүн АКШна бизнес-турларды уюштурган.