Америкалык соода палатасы жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды

2023-жыл аягында Америкалык соода палатасы (AmCham) жылдын алгачкы жыйынтыгын чыгарды. Ишмердиги тууралуу палатанын өкүлдөрү ЖМКлар менен жолугушууда айтып беришти.

2023-жылдын ичинде AmCham маанилүү жетишкендиктеринин арасында төмөнкүлөрдү белгилеп кетти:

“Ишкер аялдар академиясы” (AWE) программасы:

Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен 2023-жылдын 15-сентябрында башталган. Алты айлык программага катышуу үчүн 20 ишкер аял тандалып алынган. AmCham мүчөлөрү жана өнөктөштөрүнүн насаатчылыгы менен жардам беришти.

«Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо» долбоору:

Долбоор тегерек столдорду, жумушчу жолугушууларды, мастер-класстарды жана тренингдерди камтыган иш-чаралар аркылуу ишке ашты.

Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан ишке ашырылып жаткан Борбордук Азиядагы бизнес-чөйрөнү жакшыртуу программасы (IBECA):

Бизнес-чөйрөнү реформалоону жактоо боюнча жеке сектордун демилгелерин колдоого багытталган үч жылдык программа. Долбоор жеке сектордун финансыга жана инвестицияларга жетүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө багытталган

Европадагы AmChamsта көзөмөлдөөчү мүчө статусун алуу:

Америкалык соода палатасы Европадагы AmChams конференцияларына жана иш-чараларына активдүү катышуу мүмкүнчүлүк алды.

Ошондой эле AmCham кыргызстандык ишкерлер үчүн АКШна бизнес-турларды уюштурган.