Ошто нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Оштогу Ош-маркет жана Сити-маркет соода түйүндөрүндөгү нан азыктарына мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жүрүшүндө 300-310 гр тандыр нан 30 сомдон, ал эми 390гр бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Тактап айтканда, белгиленген баадан ашыкча сатылган фактылар аныкталаган жок.

Белгилей кетсек Ош шаарынын аймагында бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг дүң баасы 56.5 сомдон, чекене баасын 65 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 89 сом жана чекене баалары 100 сомдон белгиленген.

Мындай иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп турмакчы.