Ошко Өзбекстандын туроператорлору келишти

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Өзбекстандын туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жолугушууда Ош менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү шаарлар ортосунда туризм тармагында мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча сүйлөшүлдү. Ошондой эле, аталган багытта ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу, туристтерди тартуу, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун алкагында коноктор тарабынан Өзбекстан өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар жасалып, маданий, тарыхый, соода, кол өнөрчүлүк жана спорт жаатында инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, маалыматтык турдун алкагында келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү Ош шаарындагы маданий жайлар менен таанышып, Жалал-Абадка сапар алышат.