Тоң районунда инвестор тартуучу долбоорлор даярдалат

Бүгүн, 21-ноябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Тоң районунун жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустук администрация билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, элди жашоо шартын жакшыртууга, инфраструктуралык жана экономикалык өнүгүүгө багытталган иш аракеттер талкууланды.

Абдыкадыров Тоң районунун социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле районду өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

«Район эле эмес облусубуздун элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, сапаттуу долбоорлорду даярдап инвесторлорго сунуштоого тийишпиз»,- деп белгиледи облус башчы.