Кепилдик фонд фермерлерге 2.7 млрд сомго кредит алууга жардам берди

2023-жылдын 10 айдын ичинде Кепилдик фонду тарабынан 909 миллион сомдон ашык суммага 2 миң 438 кепилдик берилген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Кепилдиктер айыл чарба тармагындагы ишканаларга 2.65 млрд сомдук кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.

Ошондой эле 2020-жылдан 2023-жылдын 31-октябрына чейинки мезгилде айыл чарбасын колдоого багытталган кепилдиктердин саны жана көлөмү жана кредиттердин көлөмү боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

• 2020-жылы Кепилдик фонду тарабынан айыл чарба тармагында иштеген ишкерлерге 221.2 млн сом суммасында 307 кепилдик берилип, 666 млн сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

• 2021-жылы 1.1 млрд сомдон ашык кредиттерди камсыз кылуу үчүн 344 млн сом суммасында 350 кепилдик колдоо көрсөтүлгөн.

• 2022-жылы ишкерлер 743.9 млн сомдук 529 кепилдик аркылуу 2.3 млрд сомдон ашык суммада кредит ала алышты.