1-январдан тарта Салык кызматы патенттен баш тартууга милдеттүү болгон ишкерлерге айып пул салбайт

2024-жылдын 1-январынан тартып патент жокко чыгарылгандан кийин Салык кызматы салык режимин өзгөртүү боюнча үч ай бою бизнеске текшерүү жүргүзбөйт. Бул тууралуу Economist.kg уюштурган «Патенттердин жоюлушу соода тармагына кандай таасирин тийгизет?» деген тегерек столдо Салык кызматынын тобокелдиктерди башкаруу жана салыктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Махмут Хусейнов билдирди.

Хусеиновдун айтымында, келерки жылдын үч айында Салык кызматынын инспекторлору патенттен бирдиктүү салыкка өтүшү керек болгон ишкерлерди ушул жылдын аягына чейин текшербейт. Бул адаптация мезгили болот.

«1-январдан тарта сатуучулар бирдиктүү салыкка өтпөгөндүгү үчүн эч кимге дароо айып салынбайт. Бирок бул Салык кызматы дагы күтүп жүрө берет дегенди билдирбейт. 50 эскертүү болушу мүмкүн, бирок 51-жолу 5 миң сом айып пул албаш үчүн чекти чыгаруу туура экенин түшүнөсүнөр», - деди ал.

Ошондой эле, мекеменин өкүлүнүн айтымында, инспекторлор электрондук кампаларды текшеришпейт.