Базар ассоциациясы ККМ тейлеген абийирсиз компанияларга нааразы болду

Базарлар ассоциациясынын президентинин кеңешчиси Чынара Арзымбаева Салык кызматына кассалык аппараттарды (ККМ) тейлеген абийирсиз ишканаларга чара көрүүнү суранды. Бул тууралуу ал Economist.kg уюштурган “Патенттердин жоюлушу соода тармагына ишке кандай таасирин тийгизет?” деген талкууда билдирди.

Арзымбаеванын айтымында, ассоциациянын өкүлдөрү базарлардагы ишкерлерге ККМге өтүүгө жардам беришет. Көптөгөн сатуучулар бул системага өтүүгө макул болушкан.

"Каттоодон өтүп, жеке ишкер болгон айрым ишкерлер кассалык аппаратты сатып алышкан. Бул аппарат да арзан эмес: аны 10–15 миң сомго сатып алышат. Бирок аппаратты сатып алгандан кийин, кассалык аппарат менен камсыз кылган фирмалар талап коет экен. Ай сайын 500 сомдон төлөп тургула, анан бир жыл алдын ала төлөөнү талап кылышат, же болбосо аппаратты өчүрүп салабыз деп коркутушат», - деди ал.

Чынара Арзымбаева Салык кызматына бул маселени карап көрүүнү суранды. Салык кызматынын тобокелдиктерди башкаруу жана салык көзөмөлү башкармалыгынын башчысы Махмут Хусейнов мындай фактыларды инспекторлор текшерет деп жооп берди.

"Эч бир тейлөө борбору өзүнүн кардарынан муну талап кылууга укугу жок. Мындай компаниялар бааны 250 сомдон 600 сомго чейин белгилей алышат. Ошол эле учурда Монополияга каршы кызматы тейлөөчү компаниялардын кызмат акысын аппараттын сапатына жараша бекитет. Бир жыл алдын ала төлөмдү талап кылышса, анда бизге айткыла. Биз да өз кезегинде пикирибизди айтып, чара көрөбүз", - деди ал.