> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда базарлардын дээрлик 50% бирдиктүү салыкка өттү - Салык кызматы
- URL: https://im.kg/biznes/2023/11/24/kyrghyzstanda-bazarlardyn-deerlik-50-birdiktuu-salyk-salyk-kyzmatyna-ottu/
- Published: 2023-11-24T10:00:56.000Z
- Updated: 2023-11-28T06:22:02.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматынын тобокелдиктерди башкаруу жана салыктык контроль башкармалыгынын башчысы Махмут Хусейнов КР базарларынын 48%ы салыктын бирдиктүү түрүнө өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Economist.kg сайты уюштурган «Патенттердин жоюлушу соода тармагындагы ишке кандай таасирин тийгизет?» деген талкууда билдирди.**

Хусеиновдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда соода борборлорунун 64%, ошондой эле базарлардын 48% бирдиктүү салыкка өттү.

> «Кийинки жылдын 1-январынан баштап ар бир ишкер өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында иш жүзүндө алган салыктын суммасын кирешесине жараша төлөшү керек», - деди ал.

Белгиленгендей, ишкерлер үчүн бирдиктүү салыкка өтүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин ачык болушуна умтулуу болуп саналат.