Кыргызстанда базарлардын дээрлик 50% бирдиктүү салыкка өттү - Салык кызматы

Салык кызматынын тобокелдиктерди башкаруу жана салыктык контроль башкармалыгынын башчысы Махмут Хусейнов КР базарларынын 48%ы салыктын бирдиктүү түрүнө өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Economist.kg сайты уюштурган «Патенттердин жоюлушу соода тармагындагы ишке кандай таасирин тийгизет?» деген талкууда билдирди.

Хусеиновдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда соода борборлорунун 64%, ошондой эле базарлардын 48% бирдиктүү салыкка өттү.

«Кийинки жылдын 1-январынан баштап ар бир ишкер өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында иш жүзүндө алган салыктын суммасын кирешесине жараша төлөшү керек», - деди ал.

Белгиленгендей, ишкерлер үчүн бирдиктүү салыкка өтүүнүн максаты өлкөнүн бюджетинин ачык болушуна умтулуу болуп саналат.