Британиялык Concrete Canvas Кыргызстанда завод ачууга даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кардифф шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Concrete Canvas компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту.

Британиялык компания Кыргызстан менен тыгыз иштешүүгө кызыктар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдиришти.

Өз кезегинде Жапаров инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алаарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстанда Concrete Canvas компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого жетишти.