Бишкекте нанды кымбат саткандарга айып пул салынды

Бишкектеги эки наабайканада 270 гр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, түшүндүрүү иштеринен соң 27 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Ошондой эле “Азия” жана “Бимар” соода түйүндөрүнө мониторинг учурунда 270-280 гр тандыр наны 32 сомдон ал эми 360 нр нан 38 сомдон сатылып, белгиленген баадан кымбат экенин аныкталды.

Жыйынтыгында жалпы 6 протокол түзүлүп, жалпы 30 000 сом айып пул салынды.